Бишкек ЖЭБдеги жарылуудан чыккан өрт таңкы саат 5те өчүрүлгөн
Бишкек Жылуулук электр борборундагы жарылуудан чыккан өрттү өчүрүүгө 6 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, алдын ала маалымат боюнча Шабдан Баатыр №108 дарегинде жайгашкан ЖЭБдин аймагында жарылуу болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Жерине саат 03:06да жалпы 6 өрт өчүрүү бөлүмү жана штаб тартылган.
"Өрт саат 04:55те чектөөгө алынып, саат 05:05те толук өчүрүлгөн. Кырсыктын кесепетинен ЖЭБдин 5 кызматкери жабыркап, тез жардам кызматы аркылуу шаардык ооруканага жеткизилген", - деп айтылат маалыматта.
Учурда жеринде авариялык абалдын кесепеттерин тез арада жоюу үчүн ыкчам топ түзүлүп иш алып барууда. Кошумча маалымат берилет.