ИИМ Ысык-Көл университетинде жол кырсыктарын алдын алуу боюнча иш-чара өткөрдү. (Сүрөт)

Жол эрежеси-өмүр эрежеси!

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин укук бузуулардын, кылмыштуулуктун жана жол кырсыктарынын алдын алууга багытталган эки айлык иш мерчеминин алкагында, Каракол шаарынын  Касым Тыныстанов атындагы Ысык—Көл мамлекеттик университетинде жол кырсыктарынын алдын алууга багытталган иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушу иш-чарага ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан келген жумушчу топ, жергиликтүү бийлик органдары, мекеме-ишканалардын кызматкерлери, жергиликтүү тургундар, шаар аралык авточарбалардын жетекчилери, жана мектеп мугалимдери окуучулар катышты.

Иш-чаранын алкагында башкы башкармалыктын штабынын башчысы Бахрам Сайтходжаев доклад жасап, жол-унаа кырсыктарынын келип чыгуу себептерине токтолуп, статистикалык көрсөткүчтөрдү монитордон көрсөтүп жол унаа кырсыктары боюнча түшүндүрүп берип, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан, жол кырсыктарынын алдын алууга багытталган атайын даярдалган видео тасмалар көрсөтүлүп, коомчулук тарабынан тиешелүү органдын өкүлдөрүнө кызыктырган суроолорду беришип, жоопторун алышты.

Ошону менен бирге жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү (ЮИДД) командасы дагы өз өнөрлөрүн тартуулашып, өспүрүмдөргө жол эрежелерин эскертишти.

11:24, 24-12-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар