Оң рулдуу автолорду таксиде колдонууну тыйган мыйзам күчүнө кире элек
Оң рулдуу автолорду таксиде колдонууну тыйган мыйзам күчүнө кире элек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев билдирди.
Анын айтымында, 22-январда парламентте такси кызматын көрсөтүү үчүн лицензия алууну милдеттендирген мыйзам долбоору кабыл алынган.
"Мыйзам боюнча, оң рулдуу автолордун ээси такси кызматын көрсөтө албайт. Айрым таксопарктар (Яндекс) оң рулдуу унаалар менен ишке чыгууга тыюу салып жатыптыр. Бирок буга али эрте. Анткени мыйзам долбоору президент кол койгондон кийин алты айдан соң күчүнө кирет", — деди эл өкүлү.
Эске салсак, такси айдоочуларына лицензияны ИИМ берери айтылган.