Калкты тейлөө борборлору 1-майдан 12-майга чейин иштебейт

Калкты тейлөө борборлору 1-майдан 12-майга чейин иштебейт. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.

Майрамдык эс алуу күндөрүнөн улам борборлор 12-майдан тартып ишин кадимки тартипте улантышат. Тагыраагы, саат 9:00дөн 18:00гө чейин иш, түштөнүү тыныгуусу 12:30дан 13:30га чейин болот.

Министрлик "Түндүк" порталы аркылуу онлайн-кезекке туруу мүмкүнчүлүгү бар экенин эскертти.

Белгилей кетсек, жаңы Эмгек кодексине ылайык, 1-8-май — эс алуу күндөрү деп белгиленген. Ал эми 9-май календарда кызыл болсо, 10-11-май — дем алыш күндөр.

13:04, 16-04-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар