Кыргызстанда орточо эмгек акы 36,5 миң сомду түздү

Кыргызстанда 2024-жылдын январь-ноябрь айларында орточо айлык номиналдык эмгек акы 36,5 миң сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов билдирди.

Анын айтымында, 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эмгек акы 12,4%га өскөн.

Айлык акынын эң көп өсүшү дүң жана чекене соода, автомобиль жана мотоцикл оңдоо, курулуш, кыймылсыз мүлк менен операциялар, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу, кесиптик, илимий-техникалык ишмердүүлүк, ошондой эле тоо-кен казып алуу тармагында катталган, — деди Кудайбергенов.

11:19, 15-01-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар