Жалал-Абад шаарында спорттук кийимге оролгон ымыркай табылды

Жалал-Абад шаарында спорттук кийимге оролгон ымыркай табылды. Бул тууралуу Turmush басылмасы  өздүк булактарына таянып билдирди.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, ымыркай 18-ноябрь күнү саат 07:00 чамасында Спутник кичи районундагы таштанды челектердин жанынан табылган. Ымыркай дароо облустук балдар ооруканасына жеткирилген. Алдын ала маалыматтар боюнча, баланын апасы 18 жаштагы студент, ал киндигир өзү кескен жана учурда медициналык мекемеде дарыланууда.

Жалал-Абад областтык ооруканасынын башкы врачы

Кыпчак Токторбаев ымыркайдын келгенин тастыктап, бала айына жетпей төрөлгөнүн кошумчалады.

«Ал 7 айлык болуп төрөлгөн жеткирип бергендер аны таштандыдан тапкандыгын айтышты. Бүгүнкү күндө анын абалы туруктуу. Учурда наристе ара төрөлгөн ымыркайлар бөлүмүндө жатат», - деди ал.

Turmush
16:35, 20-11-2023

Комментарийлер

Айко
Таштаган кыз табылса,жалгыз эле кызды жазалабай,ал аркылуу эркекти да таап эл алдына алып чыгып катуу жазалаш керек,мындайлардын баарын!Ошо ымыркайга окшотуп жыланачтап туруп мусорный бакка жаткырып коюш керек экоону тен.....ошоентип туруп жыланач кочодон милицияга чейин алып барышса анан корот элекал ахвалдарын.....

Башка жаңылыктар