Депутат кулаган тик учакты ордуна коюуга мамкызматкерлердин маянасын сурады (Видео)
Жогорку Кеңештин депутаты Кундузбек Сулайманов жакында кулаган тик учакты калыбына келтирүү үчүн мамлекеттик кызматкерлердин бир күндүк маянасын котортууну сунуштады.
Эл өкүлүнүн айтымында, бул каражатка Ми-8ди оңдоп же жаңысын алуу керек. Акчанын бир бөлүгүн каза болгон учкучтун үй-бүлөсүнө, жаракат алгандарга да жардам катары берүүгө чакырды.