Өкмөт Улутук банк тапкан кирешени бюджетке алууну көздөп жатат

Өкмөт экинчи жыл катары менен Улутук банк тапкан кирешени бюджетке алууну көздөп жатат. Улуттук банктын пайдасын которуу маселелери жөнүндө конституциялык мыйзамдын долбоору Жогорку Кеңешке келип түштү.

Мыйзам долбоорун министрлер кабинети демилгелеген. Анда Улуттук банк 2024-жылы тапкан 100% пайдасын республикалык бюджетке которуп берери каралган. Ал бюджеттин кирешесин көбөйтүү максатында жасалууда.

Улуттук банк 2024-жылы канча киреше тапканы тууралуу маалымат азырынча жарыялана элек.

Эскерте кетсек, былтыр да Улуттук банк 2023-жылы тапкан 9,9 млрд сом кирешесин республикалык бюджетке которгон.

11:50, 27-01-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар