Садыр Жапаров Казан шаарында Путин менен жолукту
Президент Садыр Жапаров 23-октябрда иш сапары менен Татарстандын Казан шаарына барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Мамлекет башчыны Казан шаарындагы Г.Тукай атындагы эл аралык аэропорттон Татарстандын республикасынын башчысы Рустам Минниханов тосуп алды.
Андан соң мамлекет башчы Садыр Жапаровдун Орусиянын президенти Владимир Путин менен расмий жолугушуусу “Казань Экспо” эл аралык көргөзмө борборунда өттү
Иш сапардын алкагында президент Садыр Жапаров XVI БРИКС саммитинин мамлекет башчыларынын жыйынына катышат.
Расмий делегациясынын курамында:
— президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
— тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
— Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев бар