Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун 29 жаштагы мүчөсү кармалды (сүрөт)

 

Сабап акча опузалаган. Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун 29 жаштагы мүчөсү кармалды.  Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.  

УКМК билдиргендей, Ал No8 колониянын "общагына" 200 миң сом талап кылган деп шектелүүдө. Бул буйрукту ага ушул мекемеде жазасын өтөп жаткан «смотрящий» берген. 

УКМКнын маалыматы боюнча, кармалган бала жана уюшкан кылмыштуу топтун башка мүчөлөрү бир адамды уурдап, сабап, көрсөтүлгөн сумманы талап кылышкан. Андан соң Бишкектин борборуна алып келинип, талапты аткаруу мөөнөтү белгиленген.

10:36, 15-11-2023

Комментарийлер

Башка жаңылыктар