Өзгөчө Кыргызстан. Катарда өтүп жаткан туристтик көргөзмөдө биздин өлкөгө саякаттоого кызыгуу чоң

Ушул күндөрү Дохада Qatar Travel Mart туристтик көргөзмөсү өтүп жатат. Кыргыз Республикасы ага биринчи жолу катышып жатат жана дал ушул биздин павильонго көргөзмөгө келгендер чоң көңүл бурушат. Кышкы туризм, үй-бүлөлүк саякат, мергенчилер үчүн турлар - кызыгуулар абдан ар түрдүү. Катарлыктар жана бул өлкөнүн тургундары үчүн Кыргыз Республикасында жөнөкөйлөштүрүлгөн виза режими бар, бул Жакынкы Чыгыштын тургундарын саякатка шыктандырат.

Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду тарабынан уюштурулган Кыргыз Республикасынын улуттук стендинде төрт туроператор жана бал өндүрүүчү компания бар. Көргөзмөнүн алкагында өлкөбүздүн бет ачары болуп өттү. Фонддун вице-президенти Максат Усубалиев Кыргыз Республикасы жана Туризм фонду тууралуу маалымат берсе, маркетинг жана эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Суран Рабаев катарлыктар арасында суроо-талапка ээ болгон халал туризм, ошондой эле жалпысынан халал индустриясы жана анын биздин өлкөдөгү мүмкүнчүлүктөрү. Конокторго кыргыз бийи көрсөтүлүп, Катардагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү даярдаган боорсок менен чак-чак тартууланды.

Көргөзмөнү өткөрүүгө Кыргыз Республикасынын Катардагы элчилиги жана анын кеңешчиси Нурзат Өмүракунова чоң жардам көрсөтүштү.

Qatar Travel Mart экинчи жолу өтүп жатат. Ал туризмдин бардык тармактарын бириктирет - бизнестен маданиятка чейин, медицинадан спортко чейин. Быйыл 60 өлкөдөн 250дөн ашык компания катышууда

14:54, 22-11-2023

Комментарийлер

Башка жаңылыктар