Мамлекеттик чек араны кесип өтүүгө аракет кылган учурда чет элдик жаран кармалды
Мамлекеттик чек араны кесип өтүүгө аракет кылган учурда “Манас” эл аралык аэропортунда чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын ИИМнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 1999-жылы туулган Б.А. Интерполдун эл аралык издөөсүндө жүргөн.
Кармалган жаран Казакстан Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 190-беренеси “Алдамчылык” боюнча издөөдө жүргөн.
Маалыматка ылайык, 2023-жылы Б.А., А.А., К.А. жана Х.Д. аттуу адамдардан турган кылмыштуу топ банк кардарларынын акчаларын алдоо жолу менен уурдоого багытталган схема уюштурушкан. Телефондук алдамчылыктын айынан беш жаран жабыркаган.
“Кылмыштуу аракеттердин алкагында топтун мүчөлөрү алдамчылык схемасын иштеп чыгып, ролдорду бөлүштүрүшкөн, – деп айтылат билдирүүдө. – Б.А. координаторлук милдетти аткарып, шериктештеринин байланышын камсыз кылып, алардын аракеттерин жөнгө салган жана схеманын аткарылышын көзөмөлдөгөн. Жабырлануучулардын 183 014 000 теңге өлчөмүндөгү каражаты жалган эсептерге которулуп, андан соң криптовалюта капчыктары аркылуу накталай акчага айландырылган”.
Кармалган жаран Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чараларды көрүү үчүн Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматына жеткирилгенин ИИМ билдирди.