Депутаттарга кайрадан кызматтык унаа берүүнү сунушталууда

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев депутаттарга кайрадан кызматтык унаа берүүнү сунуштоодо. Ал үчүн Сыдыгалиев тиешелүү мыйзам долбоорун да даярдады.

Төраганын орун басары депутаттар өз ыйгарым укукатарын натыйжалуу аткарышы керектиигин, эл жана бийлик органдары менен тыгыз иштеше турганын, ар кандай иш-чараларга катышарын, шайлоочулар көтөргөн маселелер менен таанышуу үчүн жер-жерлерге чыгышарын жүйө катары айтып, ага байланыштуу эл өкүлдөрүнө кызматтык унаа берилиши зарыл экенин билдирген.

Анын пикиринде депутаттарга кызматтык унаа берүү республикалык бюджеттен кошумча чыгымдарга алып келбейт.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин депутатынын макамы жөнүндөгү азыркы мыйзамда I топтогу майыптыгы бар депутаттарга гана кызматтык унаага берүү каралган.

09:56, 19-11-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар