Кызыл-Кыя шаарындагы мечиттен табылган ымыркайдын апасы табылды

Кызыл-Кыя шаарындагы мечиттен табылган ымыркайдын апасы табылды. Бул тууралуу Баткен облустук милициядан билдиришти.

Ымыркайды мечитке таштап кеткен эне 16 жаштагы кыз болуп чыкты. Милиция ал 10-январда кармалып, тергөө иштери уланып жатканын кабарлады.

Эскерте кетсек, 3-январда Кызыл-Кыядагы Аль-Гуфран мечитине азан чакырууга келген молдо ак шейшепке оролгон ымыркайды (эркек бала) таап алган. Ал ооруканага жеткирилип, дарыгерлерге өткөрүлүп берилген. Анын абал туруктуу экени айтылган.

11:30, 11-01-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар