Караганда облусунда, поездде бараткан аял бала төрөп, аны терезеден ыргытып жиберген
Казакстандын Караганда облусунда, поездде бараткан аял бала төрөп, аны терезеден ыргытып жибергенин жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Окуя 20-апрелде Карагандага жакын жерде болгон. Кызылорда-Астана каттамы менен бара жаткан жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддин кондуктору, ажатканадан кандын жана кирдин изин байкап калган.
Күбөлөрдүн айтымында, жүргүнчүлөрдүн бири вагондогу кандуу изди байкап, анын артынан ээрчип, аял отурган купеге келген. Аял канга боёлгон абалда жуурканды жамынып жаткан. Андан соң аял поездде баратып төрөгөнү белгилүү болгон. Бирок эң коркунучтуусу кийин белгилүү болгон: ал баланы терезеден ыргытып жиберген.
Кийинчерээк жаңы төрөлгөн баланын сөөгү талаадан табылган.
"Бул окуя боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат. Анын алкагында тиешелүү процессуалдык чечимдер кабыл алынат. "Окуянын чоо-жайы такталууда", - деп билдиришти транспорт башкармалыгынан.