Жер титирөө. Сейсмология институту маалымат берди

Бишкек менен Кантта күчү 4 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.

Жер титирөөнүн очогу Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында, Канттан түндүк-чыгышты карай 15 чакырым, Бишкектен түндүк-чыгышты карай 23 чакырымда жайгашкан. Магнитудасы 4,2, очоктун тереңдиги 25 чакырымды түздү.

Эске салсак, бүгүн саат 13:33тө Бишкекте жер титиреген. Айрым шаардыктар үйдөн тышка чуркап чыгышканын айтышууда.

Казакстандын Сейсмологиялык борборунун маалыматы боюнча, эпиборбор Алматыдан батышты карай 176 чакырымда жайгашкан. Казакстандыктар жер титирөөнү сезген эмес

15:39, 20-10-2023

Комментарийлер

Башка жаңылыктар