Айыл чарба министрлиги дыйкандарга шафран гүлүн өстүрүүнү сунуштады

Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков дыйкандарга шафран гүлүн өстүрүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал  өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

Аткаминер К.И. Скрябин атындагы Улуттук илимдер академиясынын коллекциялык питомнигиндеги өстүрүлүп жаткан гүл менен тааныштырды.

“Урматтуу фермерлер, шафран өстүрүү боюнча программанын долбоору даярдалып жатат. Бул өсүмдүккө көпчүлүк кызыктар болоруна ишенем. Бул кирешелүү тармак. Шафрандын пиязчыларын жана  энелик формасын чогултуп  сатышат экен. Аны сиздерге кийин эсептеп берем. Менин баамымда бул кулпунай, ферулла сыяктуу эле кирешелүү өсүмдүк”, — дейт министр.

11:07, 31-10-2023

Комментарийлер

Бегаим
Айыл чарбаны онуктуруу менен элет жеринде калктын жашоосун жакшы нукка бурар элениздер, базар баасы дуйнолук денгеелде сатууга чыкса, дыйкандар туз эле жумушка киришет, мен мамлекетибизде айыл чарбачылыгын онуктурууну колдоймун, эн мыкты сунуш иш жузуно ашыруу эн заарыл.
Бегаим
Ийгилик, иш жузуно ашсын.
Жибек
Дыйкандарды көбүрөк колдосоңуздар, сапатка көңүл бурулса
Жибек
Мен эгет элем эгер колдоп урук жагынан жардам берсе
Венера
Бул гүлдү деңиз деңгээлинен 2000метр бийик аймактарга да өстүрсө болот бекен. Эгер болсо мен да эгип өстүрөт элем.
Адилбек
Шафран.гулунун.уругун.

Башка жаңылыктар