Парламент мектепте акча чогулткандарга айып салуу боюнча долбоорду колдоду

Жогорку Кеңеш 27-ноябрдагы отурумунда орто мектептерде окуучулардан жана ата-энелерден мыйзамсыз каражат чогулткандарга айып пул салуу боюнча мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда колдоду.

“Билим берүү жөнүндө” мыйзамга жана Укук бузуулар жөнүндө кодекске киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө ылайык, мамлекеттик мектептерде мыйзамсыз акча чогулткандарга 20 миң сом айып салынат. Мектептерде фонддорду түзүп ал аркылуу каражат жыйнаган адамдар 40 миң сом, юридикалык жактар 60 миң сом айыпка жыгылат.

Документтин автору Жогорку Кеңештин депутаты Миргүл Темирбаева.

Азаттык
10:16, 28-11-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар