Кара-Сууда 20 жаштагы жаран улут аралык кастыкты козутууга шектелип кармалды
Кара-Суу районунун 20 жаштагы тургуну улуттар аралык кастыкты козутууга шек саналып кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы (ОИИБ) маалымдады. Ага ылайык, шектүү Тик Ток аркылуу тараткан видеодо улуттар аралык кастыкты козутуучу мазмун бар деген бүтүмдү атайын дайындалган экспертиза чыгарган.
Экспертизанын жыйынтыгынан соң Бул боюнча Кылмыш кодексинин 330-беренеси (расалык, этникалык, улуттук, диний жана аймактар аралык кастыкты козутуу) менен кылмыш иши козголгон.
Кармалган жаран милициянын тергөө абагына камалды.