Вячеслав Матвейчук: “Евразия-Кинофест жаңырыгы ” фестиваль учурунда фильмдер тартылып, мыкты долбоорлорго гранттык колдоо көрсөтүлөт

“Евразия-Кинофест жаңырыгы” – бул катышуучулар өздөрүнүн чыгармачылыгын гана көрсөтпөстөн, пикирлеш адамдарды, өнөктөштөрдү таба ала турган аянтча. Бул тууралуу “Евразия” автономдук коммерциялык эмес уюмунун маданияттар аралык программалар жана эл аралык долбоорлор бөлүмүнүн башчысы Вячеслав Матвейчук Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн маалымат жыйында билдирди.

“2024-жылдын 17-21-октябрь аралыгында Москвада биринчи эл аралык “Евразия-Кинофест” кинофестивалы өткөн. Ага Евразия өлкөлөрүнөн жана башка өлкөлөрдөн келген 250дөн ашык кинорежиссерлор чогулуп, беш күн бою өз иштерин көрсөтүштү. Сынактын программасы “көркөм тасма”, “даректүү тасма” жана “кыска метраждуу тасма” деп үч номинациядан турган. Кино тармагынын өкүлдөрү тегерек столдорго, чыгармачылык жолугушууларга, семинарларга, лабораторияларга, талкууларга, мастер-класстарга, окуу модулдарына жана албетте, сынактык көрсөтүүлөргө катышты”, — деди Матвейчук.

Мындан сырткары, “Евразия-Кинофест жаңырыгы ” башка кинофестивалдардан айырмаланып, фестиваль учурунда фильмдер тартылып, мыкты долбоорлорго гранттык колдоо көрсөтүлөт. Өткөн жылы Молдова жана Россиядан эки жаш кинематографчы 3 000 000 рубль грант утуп, учурда өз тасмаларын жаратууда.

Матвейчук фестивалдын жыйынтыгы катары Евразия жаш кинематографисттер ассоциациясынын түзүлгөнүн белгилеп, бул жаш режиссёрлор үчүн чоң мүмкүнчүлүк түзөрүн айтты.

Бул фестиваль аркылуу биз бири-бирибизди жакшыраак түшүнүп, кинематографиянын өнүгүшүнө жаңы дем берип жатабыз, – деди ал.

Матвейчук Бишкекте “Евразия-Кинофест жаңырыгы” кинофестивалынын эл аралык кинофоруму өтүп жатканын, иш-чара 2-февралдан 5-февралга чейин созуларын эске салды. 

Жыйындын жүрүшүндө “Евразия-Кинофест жаңырыгы кинофоруму Кыргызстанда өтүп жатканын продюсер Сергей Новожилов билдириди.

Евразия-Кинофест жаңырыны кинофестивалынын уюштуруучуларынын бири Сергей Новожилов, фестивалдын өзгөчөлүктөрүн белгилеп, анын Кыргызстанда өткөрүлүп жаткандыгын маалымдады.

Биз бир гана кинофестивал өткөрүп гана калбай, катышуучу өлкөлөрдө кинофорумдарды уюштуруп жатабыз. Бул биздин фестивалды башка фестивалдардан айырмаланып турат, – деди Сергей Новожилов.

Ошондой эле, ал Эхо Евразия-Кинофест кинофорумунун алкагында Кыргызстанга келгенин жана бул жерде кинематографисттер менен жолугушуулар, билим берүү модулдары, мастер-класстар жана белгилүү актерлор менен жолугушуулар өткөрүлүп жатканын маалымдады.

Кыргызстандык көрүүчүлөргө Евразия-Кинофест фестивалынын жеңүүчү тасмалары да көрсөтүлөт.

Фестивалдын негизги максаты - кино аркылуу руханий жана моралдык баалуулуктарды көрсөтүү, бул баалуулуктар Евразия континентинин өлкөлөрүн бириктирет.

Биз бардык катышуучуларга өз өлкөлөрүнүн тарыхын жана маданий салттарын терең түшүнүп алуу мүмкүнчүлүгүн бергибиз келет, – деп белгиледи Новожилов.

Ал ошондой эле, Евразия-Кинофест кинематографисттерин колдоп, алардын чыгармачылыгын дүйнөлүк аренага чыгарып, жаңы таланттарга эл аралык деңгээлде таанылуу мүмкүнчүлүгүн берүү өтө маанилүү экенин кошумчалады.

11:12, 04-02-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар