Садыр Жапаров: Азыр күчтүү кадрлар жетишпей жатат

Азыр күчтүү кадрлар жетишпей жатат. Сынчылар көп, колдорунан иш келбейт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине берген маегинде билдирген.

Мамлекет башчы журналисттин "Мекенчил" партиясынын өкүлдөрү кармалганы боюнча суроосуна комментарий берип жатып, мамлекеттик кызматкерлердин кимиси кандай иштеп жатканы ага даана көрүнүп турганына токтолгон.

"Мурдагы заман жок. Бирөө мамлекеттин акчасынан бир тыйын уурдай албайт. Мейли мурда ким болбосун, кайсы партия менен шайлоого барбасын, бөлбөймүн. Азыр күчтүү кадрлар жетишпей жатат. Сынчылар көп, колдорунан иш келбейт. Алардын баарын көрдүм", — деген Садыр Жапаров.

Ал эл, мамлекет үчүн күн-түн дебей кара жанын карч уруп иштеп берген кызматкерлерди колдой турганын белгилеп, ар кимди кызматтан алууну сунуштай берүүнү токтотуу керектигин кармалгандарга эскерткенин кошумчалаган.

Эскерте кетсек, буга чейин Бишкекте бейбаштык кылган алты киши кармалып, алар "Мекенчил" партиясынын өкүлдөрү экени социалдык тармакта кызуу талкуу жараткан. Бул боюнча президент кийинки убакта "мекенчилмин" деген аферист, шантажчылар пайда болгонун айткан.

 

10:40, 09-04-2024

Комментарийлер

Максат
Кызматка билимдуу, оз тармактарына жетишкен, мекенчил, намызкой адамдар жетишбей жатканы корунуп жатат. Копчулутору кызматка жанталашып эле чурка, суранып жургондорун байкайбыз. Кандай жетекчи болсо да президентке, премьере ишеничтуу уяттуу координатор журуш да керек кайсыл бир убака. Тыкылдатып тапшырмалврды сурап , моонотун билип туруш керек. Жооптуу кызматкерлер ишти аткаралбаса бир жылдан кийин жоопко тартылышы керек жон эле жумуштан алынып калбастан.

Башка жаңылыктар