Бир жумада өлкөдө 448 мас айдоочу кармалды

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан 2024-жылдын 19-февральдан  тартып, 25-февральга чейин, алдын ала маалымат боюнча 20 197 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. 

Алардын ичинен: 

-Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу-364; 

-Мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу -448; 

-Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу-40; 

-Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар-1173; 

-Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу-3138; 

-Авто ээнбаштык - 14; 

-Белгиленген ылдамдыктан ашуу- 2854; 

-Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу - 1; 

-Башка жол эрежелерин бузуу фактылары –12 179; 

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1431 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган. 

КР ИИМдин ЖКККББгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Алдаба-Не ври
10:10, 26-02-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар