Бишкекте таксилерге көзөмөл күчөтүлөт
Бишкекте таксилерге көзөмөл күчөтүлөт
Борбор калаада мыйзамсыз жүргөн таксилердин саны көбөйдү. Керектүү уруксат кагаздары жок жана көп учурда жетиштүү тажрыйбасы жок айдоочулар агрегаторлор менен байланышып, жүргүнчүлөрдү ташып, аларды коркунучка учуратышат, деп белгилейт Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясы.
Ведомстводон билдиришкендей, айдоочулар көбүнчө унаасынын абалына көңүл бурбай, жол эрежесин бузуп, эс албай иштеп, энергетикалык ичимдиктерди ичип, рулда чарчап, жол кырсыктарынын көбөйүшүнө алып келүүдө.
Буга байланыштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы таксисттердин ишмердүүлүгүнө көзөмөлдү күчөтүү чечимин кабыл алды.