Бишкекте эркек киши чогуу жашаган аялды өлтүрүүгө шектелип кармалды

Бишкекте эркек киши чогуу жашаган аялды өлтүрүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.

Милициянын маалыматы боюнча, 19-январда болжол менен саат 20:28де 102 кызматына бир жаран (И.) чалып, 18-январда чогуу жашаган аял менен уруша кетип, аны өлтүргөнү тууралуу билдирген.

Жерине ыкчам-тергөө тобу барганда, аталган факт чын болуп чыккан. Маркум аял менен эркек киши бир жашаган, бирок расмий никеси болгон эмес.

Шектүү катары 50 жаштагы жаран (С.И.) кармалган. Ага адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери жүрүүдө.

16:37, 20-01-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар