Сосновка постунда жүк ташуучу унаалар өткөрүлө баштады

Бишкек – Ош унаа жолунун Сосновка постунда жүк ташуучу унаалар өткөрүлө баштады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Министрлик белгилегендей, кечээ, 8-декабрда Бишкек – Ош унаа жолунда кар жаап, жол тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу кырсыктардын алдын алуу максатында саат 17:20дан тарта Сосновка постунда жүк ташуучу унаалар үчүн чектөө киргизилген.

Аталган чектөө бүгүн, 9-декабрда саат 09:00дө алынды.

10:15, 09-12-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар