Бишкекте ГЭС-5ке чейинки жол реконструкцияланат

Бишкекте ГЭС-5ке чейинки жол реконструкцияланат. Бул боюнча Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Жол чарба департаменти тендер жарыялады.

Маалыматка ылайык, долбоордун баасы 574 миллион 440 миң сомду түзөт.

Сунуштар 23-январга чейин кабыл алынып, келишим түзүлгөндөн кийин 18 айда жол салынып бүтүшү керек.

Буга чейин президент Садыр Жапаров ГЭС-5ке баруучу жол төрт тилкелүү болуп кеңейтилерин билдирген.

17:08, 10-01-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар