“Керемет банк” Орусиянын банктары аркылуу акча которууну токтотту
Кыргызстандын “Керемет банк” коммерциялык банкы Орусиянын Сбербанк, МТС Банк, Тбанк (Тинькофф) банктары жана Орусия Федерациясынын “НСПК” улуттук төлөм системасы оператору аркылуу акча которууларды белгисиз мөөнөткө токтотту. Бул тууралуу финансы мекемеси өз сайтында кабарлады.
Банк ошол эле кезде кардарлары “Золотая корона”, “Астрасенд”, Western Union, “Юнистрим”, Ria сыяктуу эл аралык акча которуу системаларын колдонуп, каражаттарын жөнөтүп же алып тура алышарын кошумчалаган.
“Керемет банк” коммерциялык банкынын 97,45% акциясына Кыргызстандын Финансы министрлиги ээлик кылат.
17-августта Кыргызстандын башка бир банкы – Мбанк ("Кыргызстан" банкы) билдирүү таратып, 16-августтан тартып Орусиянын банктары менен акча которуу кызматташтыгын убактылуу токтотконун жарыялаган. Кызматташтык токтогон банктардын катарында Орусиянын Сбербанк, Тинькофф жана МТС банктары да бар.