Быйыл 128 ишкана ачылып, 15 миң жумушчу орун түзүлөт

Быйыл Кыргызстанда 128 ишкана ачылып, 15 миң жумушчу орун түзүлөт. Бул тууралуу “Кабар” маалыматтык сайты жазды. 

Белгилүү болгондой, былтыр, 2024-жылы өлкөдө 102 жаңы объект ишке берилген. Андан 585 млрд сомдук продукция өндүрүлүп, 8 000 иш оруну түзүлгөн. Өндүрүш ишканаларынан түшкөн салык эки эсеге өсүп, былтыр 40 млрд сомго жеткен.

2025-жылга план дагы жогорулады. Ага ылайык, быйыл, 2025-жылы 128 ишкана ачылганы турат. Бери дегенде 15 000 киши иш менен камсыздалат. Өнөр жай объектилерин ишке берүүгө 1,7 млрд доллар салынууда. Бул былтыркы ишканаларга коротулган каражаттан эки эсеге көп.

Чек ара маселеси чечилгенден кийин Баткенде бизнес ачууну каалаган ишкерлер көбөйгөн. Ал жакта быйыл 1000 иш оруну бар 14 өнөр жай объектиси ишке берилгени турат. Ал эми, Нарында -17, Ысык-Көл облусунда -19, Ош облусунда -22, Таласта - 3, Жалал-Абадда - 13, Чүй облусунда - 20, Бишкек шаарында - 12, Ош шаарында - 8 ишкана ачылат.

15:06, 28-04-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар