Flyjump спорт комплексинин ээси кармалды

Аскадан аркан менен секирип каза болгон жаран. «Flyjumpтын» ээси кармалды

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей, маркумдун жакындары милицияга арыз жазышкан.

Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин «Керектөөчүлөргө коркунуч жаратуу» беренеси менен кылмыш иши козголуп, 1996-жылы туулган Н.А., кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди», - деп билдирди ОИИБ.

Кырсык бүгүн саат 13:30дар чамасында болгон.

38 жаштагы жаран секиргенде аркан үзүлүп кеткен. Натыйжада ал каза болгон.

12:02, 07-07-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар