Бек Борбиев талкуу жараткан экинчи видеосу боюнча үн катты
Кыргыз эл артисти Бек Борбиев социалдык тармактарда талкуу жаратып жаткан видео боюнча комментарий берди. Бул тууралуу ал өзүнүн Фейсбук баракчасына жазды.
Буга чейин социалдык тармактарда ырчынын концертинен кийин журналисттерге берген видеосу тараган. Анда журналисттердин бири Бек Борбиевге "Кайсы концерт болбосун ар биринде өзгөчө сезим болот эмеспи, бул концертте кандай сезимге бөлөнүп турасыз?" деген суроо берген.
Өз кезегинде Бек Борбиев журналистке "Жакшынакай суроо берсеңер, ал эмне деген суроо. Биздин концерт чоң жоопкерчиликтүү иш, сезим-пезим эмес", - деп жооп берген.
Ырчынын бул видеосу талкууга алынды. Мындан улам ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу бул боюнча билдирүү жасады.
"Журналисттер, жанагы видео менен менин эмес өзүңөрдүн денгээлиңерди көрсөттүңөр. Уят го. Сезимиңиз кандай дейт. Ал жерде 150дөй адам, мен баш болуп башыбыз менен жер казып, кара терде иштеп жатабыз. Сезим жок, рабочий настрой и точка! Илгертен эле даяр эмес келген интервьючуга ушундай айтып келем, эскилер билишет. Жаштыгыңыздын сыры дейт. Даярданып, интернеттен мен жөнүндө маалымат алып, дегеле 90-жылдардагы видео сүрөттөрүмдү карап койсоңор боло, карыптырмынбы же жокпу? Сулуу экен деп эле журналисттин күбөлүктөрүн тарката бербей, урматтуу медиа жетекчилери, сөз жок", - деп жазды Бек Борбиев.