Бишкекте бир аптада 7 миң 138 жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Бишкекте 10-июндан 16-июнга чейин 7 миң 138 жол эрежесин бузуу фактысы катталды.

Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:

·        тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу — 51;

·        мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу — 56;

·        унааны каттоо эрежесин бузуу — 145;

·        жол белгилеринин талаптарын аткарбоо — 4055;

·        авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 22;

·        коопсуздук курун тагуунун эрежелерин бузуу — 1153;

·        жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 502;

·        башка жол эрежелерин бузуу фактылары — 1154;

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 714 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

10:41, 18-06-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар