Бир ай ичинде 20,2 миллиард сом салык чогултулду

2023-жылдын ноябрында 20,2 миллиард сом салык чогултулду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Бул өткөн жылдын ушул мезгилине карата 5 миллиард сомго көп. Акыркы 10 жылда салыктык жыйымдар 6 эсеге өстү.

Ноябрь айында топтолгон салыктын суммасы:

— 2009-жыл – 1,7 млрд сом;

— 2010-жыл. – 1,8 млрд сом;

— 2011-жыл – 2,7 млрд сом;

— 2012-жыл – 3,3 млрд сом;

— 2022-жыл. – 15,3 млрд сом;

— 2023-жыл – 20,2 млрд сом.

Бул цифралар салык системасында жүргүзүлүп жаткан реформалардын салыктык башкаруунун сапатына оң таасирин тийгизгендигин көрсөтүп турат, — дейт Салык кызматы.

10:03, 04-12-2023

Комментарийлер

Башка жаңылыктар