13-15-октябрда Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт
13-15-октябрда Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлүп, 13-октябрда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын областарынын көпчүлүк аймактарында жаан, Чүй, Талас областарынын тоо этектеринде жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 12-октябрда күндүз, 13,14-октябрда айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1...6°, айрым жерлерде 0..-2°, күндүз 5... 10°;
Талас облусунда 1. 6°, айрым жерлерде -1...-3°, күндүз 4...9°;
Чүй, Талас областарынын тоо этектеринде түнкүсүн 1...6°, айрым жерлерде-1..-3°;
Ош, Жалал-Абал. Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 2... 7°,
күндүз 11...16°;
Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 1...6°, айрым жерлерде 0...-2, күндүз 5... 10°;
Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында -3...+2°, күндүз 4...9° жылуу, тоолуу райондордо түнкүсүн -2...-7° суук, күндүз 1...6°;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -8...-13°, күндүз - 1...-6° суук болушу күтүлөт.
Мындай туруксуз аба-ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
Мөмө-жемиш жана жашылча жемиштерди үшүк алып кетүү коркунучу бар.