Зардалынын зарыгып күткөн жолу кандай салынып жатат?

Транспорт жана коммуникация министри Абсаттар Сыргабаев Сары-Талаа — Кызыл-Таш — Зардалы жолунун курулушу менен таанышты.

Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдигендей, аталган жолдун узундугу 17,5 чакырымды түзөт.

“Министр курулуш аймагында жумушчулардын коопсуздугу биринчи орунда болушу керектигин белгилеп, жаралган тоскоолдуктарды тез арада чечүүнү тапшырды”, — деп айтылат маалыматта.

Транспорт министрлиги жол президент Садыр Жапаровдун 2024-жылдын сентябрь айында Зардалы айылынын тургундары менен болгон жолугушуусунун жыйынтыгы менен курулуп жатканын эскертти.

09:34, 28-04-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар