Илимий кызматкерлердин эмгек акысын 100 пайыз көтөрүү пландалууда

Илимий кызматкерлердин эмгек акысын 100 пайыз көтөрүү пландалууда. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, илимий институттарда иштеген жардамчы, тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысы 80 пайызга жогорулайт.

"Илимий кызматкерлердин эмгек акысын 100 пайызга жогорулатуу пландалууда: анын ичинде кызматтык окладды аныктаган коэффициентти 50 пайызга, кызматтык окладга кошумча төлөмдөрдү 50 пайызга көтөрүү каралган. Натыйжада жалпы жогорулоо 100 пайызды түзөт", — деп айтылат маалыматта.

Бул долбоор тиешелүү мамлекеттик органдар менен макулдашылып бирдиктүү чечим катары кабыл алынганы кошумчаланды.

10:48, 06-02-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар