Экс-депутат Мейкинбек Абдалиев БШКнын мүчөсү болуп шайланды

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Мейкинбек Абдалиев Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөсү болуп шайланды. Анын талапкерлигин парламенттин депутаттары 5-сентябрдагы жыйынында колдоду.

Мейкинбек Абдалиев мандатын өз каалоосу менен тапшыруу боюнча Боршайкомго арыз жазып, БШК 19-августта аны мандатынан ажыраткан.

Мейкинбек Абдалиев мурда жергиликтүү кеңештерде депутат болуп, Жогорку Кеңештин VI чакырылышында “Өнүгүү-Прогресс” партиясынан шайланып келген. VII чакырылышта “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынан депутат болгон.

 

12:32, 05-09-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар