Бишкекте белгиленбеген жерге жарнама жарыяларын чаптагандарга айып салынат

Бишкекте белгиленбеген жерге жарнама жарыяларын чаптагандарга айып салынат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тосмолорго, имараттардын дубалдарына, аялдамаларга, жарыктардын мамыларына жана бак-дарактарга жарыя кагаздарын чаптоого болбойт. Болбосо жарандарга 1 миң сом, юридикалык жактарга 5 миң сом айып салынат.

10:48, 18-10-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар