Бишкек шаарынын мэри Казакстандын II даражадагы "Достык" ордени менен сыйланды

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин жарлыгы менен II даражадагы "Достык" ордени менен сыйланды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Сыйлыкты Жунушалиевге бүгүн, 25-декабрда Казакстандын элчиси Рапил Жошыбаев тапшырды. Сыйлоо иш-чарасы Бишкектин мэриясында өттү.

Айбек Жунушалиев бул орден менен Кыргызстан менен Казакстандын борбор калааларынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө ар тараптуу көмөк көрсөткөндүгү үчүн сыйланган.

Буга чейин Казакстандын І даражадагы "Достык" орденин президент Садыр Жапаров алган.

14:25, 25-12-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар