Таласта чек арадан мыйзамсыз мал өткөргөндөр кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Чек ара кызматынын кызматкерлери менен биргеликте Талас облусунун чек ара тилкесинде аткезчиликке каршы алдын ала иш-чаралары жүргүзүлдү.

12-сентябрда «Чон-Капка» чек ара заставасынын аймагында Казакстандан Кыргызстандын аймагына 308 баш ийри мүйүздүү мал жандыктарын мыйзамсыз өткөрүүгө шек саналып А.у.Н. аттуу кыргызстандык кармалды.

Азыркы учурда бул факты боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

 

09:09, 19-09-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар