Өзгөн шаарынын мэри 9-декабрга чейин камакта калтырылды
Ош шаардык соту Өзгөн шаарынын мэри Данияр Моңолдоровдун баш коргоо чарасын карап, 9-декабрга чейин камакта калтырды. Бул тууралуу соттон кабарлашты.
Өзгөн шаарынын мэри уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар деген шек менен 15-ноябрда кармалган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 139-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда (Өмүргө жана ден-соолукка коркунучтуу зомбулук көрсөтөм деп коркутуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча катталган кылмыш ишинин алкагында, ошондой эле «мыйзамдагы ууру» Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу топбунун ишине катышкан деп айыпталган.
Экс-мэр кылмыш дүйнөсүнүн мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып жүргөнү айтылды. Мисалы, кылмыштуу топтун мүчөлөрү жарандык активистти коркутуп, Өзгөн шаарынын мэринин ишин сындоону токтотууну жана аны коомчулукка чагылдырбоону талап кылган факты аныкталган.
13-ноябрда УКМКнын кызматкерлери тарабынан мэрдин кызматтык иш бөлмөсүнө тинтүү жүргүзүлдү. Ал Ош шаары жана Ош облусу боюнча тергөө абагына камака алынды.