Улуттук банк 20 миллиард сомдой кирешесин өлкө бюджетине которушу ыктымал

Улуттук банк 20 миллиард сомдой кирешесин өлкө бюджетине которушу ыктымал.

Башкы банктын кирешесинин 100 пайызын мамлекеттик бюджетке которуу боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинде каралды.

Жыйында депутат Дастан Бекешев которула турган каражаттын болжолдуу суммасы канча экенине кызыкты.

Улуттук банктын төрагасынын орун басары Мелис Аттокуров былтыр 2023-жылдын жыйынтыгы менен бюджетке 12 миллиард 436 миллион сом которулганын белгиледи.

"Быйыл сумма көбүрөөк болот, менимче, 20 миллиард сомдун тегереги, бирок сумма аудиттен кийин такталат. Өзгөрүп кетиши да мүмкүн", — деди Аттокуров.

Ошондой эле ал банктын кирешеси негизинен алтын сатуу жана сатып алуудан, интервенциялар аркылуу табылганын белгиледи. Ошондой эле 7 миллиард сом "Керемет банкты" сатуудан түшкөнү кошумчаланды.

Натыйжада аталган мыйзам долбоору комитетте үч окууда жактырылды.

15:41, 27-01-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар