Кыргызстандык сууда сүзүүчү Денис Петрашов Париждеги Олимпиадада жарым финалга чыкты
Кыргызстандык сууда сүзүүчү Денис Петрашов Париждеги Олимпиадада жарым финалга чыкты
Ал 200 метр аралыкка брасс ыкмасы менен сүзүүдө квалификациялык раунддун төртүнчү жарышында алтынчы орунду ээледи. Бул аралыкта 25 спортчу күч сынашты.
Эң жакшы жыйынтык көрсөткөн 16 суучул эртең саат 01.59да боло турган жарым финалга жолдомо алышты. Денис Петрашов 16-орунду ээледи.