Кыргызстандын Улуттук банкы валюта базарына 68,65 миллион доллар сатты

Кыргызстандын Улуттук банкы валюта базарына 68,65 миллион доллар сатты. Бул тууралуу банктын сайтына жарыяланды.

Бул ноябрь айындагы экинчи интервенция, буга чейин 5-ноябрда валюта базарына 62,4 миллион доллар сатылган.

Жалпысынан быйыл Улуттук банк 22 жолу валюталык интервенция жүргүзгөн.

Акыркы суткада Кыргызстанда доллардын сомго карата курсу жогорулады. Бүгүн эртең менен Бишкектеги акча алмаштыруучу жайларда доллар орто эсеп менен 86,37 сомдон сатып алынып, 86,86 сомдон сатылууда.

Улуттук банктын расмий курсу 86,3765 сомду түздү (өсүү 0,2 пайыз).

10:10, 15-11-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар