Нарында Куланак айылында сел жүрүп, 42 үйдү суу каптады

Нарында Куланак айылында сел жүрүп, 42 үйдү суу каптады

 ӨКМдин маалыматына караганда 6-август, саат 21:30 чамасында нөшөрлөгөн жамгырдан улам Нарын районундагы Куржылга, Ичке жана Куланак коктуларында сел жүргөн. 

Селдин кесепетинен Куланак айылындагы 42 үйдүн короосун, ички чарбалык жолдорду кыян каптап, бир чарбалык көпүрө жабыркаган.

 Бүгүн,  Жарандык Коргонуу кызматы менен куткаруучулар кырсыктын кесепетин тактоо жана тазалоо иштерин жүргүзүүдө.

11:04, 07-08-2024

Комментарийлер

Жаңыл Иманбекова
Кудайым бул күнгө чейин кыргыз калкым коргоп жана колдоп келген..... Дагы да колдооруна ишенем. Жазы буйрук , жаратылышты бузуп болбойт...бул да болсо кыргыз элине берген сыноосу.....

Башка жаңылыктар