Өлкөдө жыл башынан бери 19 млн сом камсыздандыруу төгүмдөрү төлөндү
Мамлекеттик камсыздандыруу уюму 2025-жылдын биринчи кварталы боюнча жыйынтыктарын чыгарды.
Компаниядан билдиришкендей, 1-январдан 11-апрелге чейин жабыркаган жарандар жалпы суммасы 19 млн 21 миң 818 сом болгон камсыздандыруу төлөмдөрүн алышты.
ОСАГО: Жол кырсыгынан кийин жардам
Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу (ОСАГО) боюнча 50 адам жол кырсыктарынан жабыркап, жардам алышты. Жалпы төлөмдүн суммасы 5 млн 205 миң 360 сом болду. Ар бир учурда камсыздандыруу зыянды компенсациялоодон тышкары, тез калыбына келүүгө жана мурдагы жашоо стилине кайтууга мүмкүнчүлүк берди.
Өрттөн кийинки жардамдар
Уюмдун өтө чоң ролу болгон кырсыктык кырдаалдарды, айрыкча кыска туташуудан улам болгон өрттөрдү жоюуда. 46 үй-бүлө 7 млн 484 миң 170 сом камсыздандыруу төлөмдөрүн алып, үйлөрүн калыбына келтирип, жоголгонду кайрадан жаңылап, жаңы жашоого кадам ташташты.
Камсыздандыруунун ыктыярдуу түрлөрү
Камсыздандыруунун бул түрү боюнча 6 млн 332 миң 288 сом төлөндү. Бул төлөмдөр ар кандай күтүлбөгөн турмуштук кырдаалдарда колдоонун маанилүү булагы болуп калды.
Камсыздандыруу коргоо куралы катары
Мамлекеттик камсыздандыруу уюму камсыздандыруу — бул папкадагы кагаз эмес, чыныгы коргоо куралы экенин дагы бир жолу далилдеди. 19 миллион сом — бул жөн гана төлөмдөр эмес, ишеним, туруктуулук жана жарандардын коопсуздугуна болгон инвестиция.