Мушкер Мунарбек Сейитбек уулу АКШда өтүп жаткан турнирдин жарым финалына чыкты
Кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулу АКШнын Колорадо шаарында өтүп жаткан USA Boxing International Open турниринде америкалык эки атаандашын жеңип, жарым финалга чыкты.
Бул турнирге Кыргызстандан жети спортчу катышууда. Алардын көбү жарым финалга чейин жетип, финалга чыгуу үчүн күрөштү улантышууда.
Анвар Ходжиев (50 кг) - финалда америкалык мушкер менен беттешет;
Зафарбек Камилов (55 кг) - жарым финалда;
Санжар Сейдакматов - турнирден четтетилди;
Алмаз Орозбеков (65 кг) - жарым финалда;
Элдар Турдубаев менен Ихтиёр Нишанов (70 кг) экөө тең жарым финалда жана финалда беттешиши мүмкүн.
Турнир 20-апрелге чейин уланат.