Бишкекте эркек киши көпүрөдөн секирип көз жумду

Бишкекте эркек киши көпүрөдөн секирип көз жумду. Бул тууралуу Биринчи май райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 24-октябрда болжол менен саат 08:50до милицияга Манас менен Л. Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде эркек киши көпүрөдөн секирип, каза болгону тууралуу маалымат түшкөн.

Учурда ыкчам-тергөө тобу териштирүү иштерин жүргүзүп, маркумдун өздүгү такталууда.

Алдын ала маалымат боюнча, эркек киши өз жанын кыйган.

11:18, 24-10-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар