«Альянс Алтын» компаниясы РКӨФ менен кызматташуу тууралуу макулдашууга кол койду

 

«Альянс Алтын» компаниясы РКӨФ менен кызматташуу тууралуу макулдашууга кол койду

«Альянс Алтын» компаниясы, «Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду жана Россия-Кыргызстан өнүктүрүү фонду үч тараптуу макулдашууга кол койду.
Документте Талас облусунун экономикасын өнүктүрүүгө жана тургундарынын жашоо деңгээлин жакшыртууга багытталган долбоорлорду бирге ишке ашыруу каралган. Кызматташуу бир нече тармак боюнча, анын ичинде энергетика жана айыл чарба багыттарында жүргүзүлөт.

“Келишимдин башкы максаты – Талас облусундагы ири долбоорлорду ишке ашыруу. Эки фонддун аркасы менен жаңы иш орундары түзүлүп, облустун социалдык-экономикалык өнүгүшүнө кошкон салымыбызды дагы да арттыра алабыз деп ишеним”, - дейт «Альянс Алтын» өнүктүрүү фондунун башкы директору Батырбек Качкымбаев. 

“РКӨФ «Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду менен бирге Талас облусундагы долбоорлорду тандап алып, экспертиза жүргүзүп, аларды ишке ашырууга катышат. Биздин өнөктөштөрүбүз менен бирге көргөн аракетибиз аймактагы ишкерчиликти өнүктүрүүгө оң таасирин тийгизет деп үмүт кылабыз”, - деди РКӨФ Башкармалыгынын Төрагасы Артем Новиков.

21:13, 24-05-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар