Адам өлтүрүү жана каракчылык үчүн эл аралык издөөдө жүргөн Орусиянын жараны Бишкектен кармалды

Бишкекте адам өлтүрүү жана каракчылык үчүн эл аралык издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 30-апрель күнү Бишкек шаарынын аймагында эл аралык издөөдө жүргөн 1976-жылы туулган В.П. аттуу жаран кармалды.

1976-жылы туулган В.П. аттуу жаран 2005-жылдан бери Орусиянын укук коргоо органдары тарабынан киши өлтүрүү жана каракчылык боюнча издөөдө жүргөн.

Учурда тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

17:39, 30-04-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар