1-майдан тарта свет кымбаттай турганын Энергетика министрлиги эскертти

 

1-майдан тарта свет кымбаттай турганын энергетика министрлиги эскертти

 Жаңы тариф боюнча калк үчүн бир киловатт сааттын баасы 11 тыйынга кымбаттап, 1,11 сомду түзөт. Ал эми 700 киловаттан ашса,  2,39 сом  болот. Азыр 2,16 сомдон төлөйбүз. 

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө тариф 5 тыйынга көтөрүлүп, 55 тыйынды түзөт. Азыр 50 тыйын. Бюджеттик керектөөчүлөр 3,76 сом төлөп башташат. Учурда 2,87 сом. Чексиз тариф 3,63 сом болот. Азыр анын өлчөмү 3,27 сом.  Тоо-кен, алтын казып алуу, алкоголдук, куюу өнөр жайлары үчүн свет 54 тыйынга кымбаттап, 5,58 сом болот.

13:23, 22-04-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар